Екатеринбургда жол талашып чырдашкан Кыргыз жаранына кылмыш иши козголду

Екатеринбургда жеңил унаа менен коммерциялык автобустун айдоочуларынын ортосунда чыр чыкты. Анда автобустун айдоочусу жеңил унаанын айдоочусун бычак менен коркутканын орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Екатеринбургда жеңил унаа менен автобустун айдоочулары жол талаша кетип, экөөнүн ортосунда жаңжал чыкты. Жаңжал 16-ноябрда орун алып, окуяны күбөлөрдүн бири видеого тартып алган. Окуя болгон күнү айдоочулардын бири да милицияга кайрылган эмес. Бирок видео социалдык тармактарга жарыяланып, милиция ага көңүл буруп, эки айдоочуну тең тапкан.
"Көрсө, автобустун айдоочусу атаандашын өлтүрөм деп коркуткан экен. Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрөм деп коркутуу” беренеси боюнча 40 жаштагы Кыргыз жаранына кылмыш иши козголду", - деп аймактык ички иштер башкармылыгы билдиргени жазылат маалыматта.
Автобустун айдоочусу эки жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле ал Кыргыз жараны экени айтылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Medina87
2021-11-26 02:28:49
Екатеринбургда эмес Оз ЭЛИНДЕ корсотуу керек эле Мунозун(Характерин).
ЕАЭСтин Мин жерден Мучосу болсон да(((
-1
Datka7777
2021-11-26 02:50:59
Оруста милиция жок полиция супер инфо!
+2
Abdizhapar
2021-11-26 09:58:18
Бул Кыргыз эмес Кыргызстандын паспортун алып Кыргызды жаманатты кылган жун баш туугандардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан