Орусиядагы шахтада орун алган кырсык. Садыр Жапаров курман болгондорго байланыштуу Путинге көңүл айтты


Өлкө башчы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы "Листвяжная" шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен шахтёрлордун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Мамлекет башчынын көңүл айтуусун президенттик аппараттан жарыялашты.

"Листвяжная" шахтасында болгон авариянын кесепетинен шахтёрлордун каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең өкүнүч менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, Орусияда 400 метр тереңдиктеги шахтада өрт чыгып, 9 адам каза болуп, 48 адам шахтада калып калгандыгы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан