УКМК тарабынан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер А.Б. тарабынан шайлоо нормаларын бузуу фактысы аныкталды. Аталган комитеттен билдиришкендей, мындай факты бүгүн, 25-ноябрда сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы иш-чараларынын жүрүшүндө белгилүү болду.
"Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу фактылары боюнча түшүндүрмө берүү максатында талапкер А.Б. УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына жеткирилди. Белгилүү болгондой, үгүт маалында А.Б. өзүнүн ишенимдүү адамдарына жана үгүтчүлөрүнө накталай акча каражатын төлөп, шайлоо фондунан тышкаркы үгүт иштерин каржылаганы аныкталды. Учурда керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - белгилешти маалымат кызматынан.