
Коопсуздук боюнча эксперттер Apple аппараттарына манжа издери менен коюлган купуялуулукту плёнка жана клейдин жардамы менен бузуп киришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, интернетте плёнка жана клейдин жардамы менен заманбап Apple аппараттарындагы манжа издери аркылуу жашырылган купуяны кантип ачуу керектигин көрсөткөн кыска видео жарыяланды. Бул үчүн киберкоопсуздук боюнча адистери манжа изинин ылайыктуу сүрөтүн табышы керек болгон.