Түркияда улуттук валютанын (лира) куну түшүп жаткан маалда күйүүчү май кымбаттап, май куюучу жайларда узун кезек жаралды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түркиянын энергетика, күйүүчү май жана газ менен камсыздоо станцияларынын иш берүүчүлөр биримдиги бензин, дизель майы жана суюлтулган газдын баасы орто эсеп менен 1,02 лирага (0,0834 доллар) жогорулай турганын билдирген. Баалардын өсүшү менен май куюучу жайларда узун кезек жаралды. Ал тургай май куюучу жайларда узун кезекке турган унаа ээлеринин ортосундагы кагылыштар болуп жатканы жазылат маалыматта.