Социалдык фонддун жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди

Социалдык фонддун жобосу жана башкаруу схемасы бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим президенттин 2021-жылдын 5-ноябрындагы №520 «Мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн айрым маселелери жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында кабыл алынган.

Мындан улам «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун жобосун жана башкаруу схемасын бекитүү чечими кабыл алынды.

Буга катар мамлекеттик социалдык камсыздоону башкаруу боюнча Байкоочу кеңеш жөнүндө жобо бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан