Алай районунда суу жетпеген айдоо жерлерге сугат суу алып келүү иштери аткарылып жатат

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районунун Жаңы-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Арык айылындагы айдоо жерлерге сугат суу алып келүүгө монолиттүү лоток басуу жумуштары менен таанышты. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган айылдагы 50 гектар жерде сугат сууга муктаждык болуп, көп жылдардан бери көйгөй жаратып келген.
Буга байланыштуу Алай районунун өнүктүрүү фондунан 4 жарым миллион сом акча каражаты бөлүнүп, 920 метр аралыкка монолиттүү лоток басуу жумуштары башталган.
Бүгүнкү күнгө М-200 үлгүсүндөгү цемент, арматура жана башка курулуш материалдары алынып, 920 метр аралык казылып, тегиздөө жумуштары аткарылып, учурда монолиттик лоток басуу жумуштары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан