Бишкекте жолдорду кардан тазалоо иштери таң атпай башталып, 20 тонна туз керектелди

Бишкек шаарында жолдорду кардан тазалоого эртең мененки убакытка карата 20 тонна техникалык туз керектелди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол тазалоо иштерине 38 атайын техника, 26 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу унаа, 4 "Беларусь" кичи трактору, 2 фронттук жүктөгүч жана ЗИЛ базасындагы 2 кум чачуучу техника тартылган.

"Жол тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталган. Учурда 121 жүктөгүч, 650 тазалоочу жана 715 жумушчу калаанын көчөлөрүн кардан тазалоодо. "Тазалык" кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө", - деп билдиришти мэриядан.

Бишкектеги тазаланбай калган участокторго күбө болгон жарандар 0554 182 185 же 1840 жана 1850 номерлерине (күнү-түнү) чалып билдирсе болот.

Белгилей кетсек, учурда борбор калаада 129 троллейбус, 83 автобус, 770 кичи автобус жүргүнчүлөрдү ташууда.









РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-11-26 09:53:00
Омеей 20 тонна тузду каяяка чачты экен. Мен саат 4 төн бери такси кылып жүрөм. Түз чачкан унаанарды көрбөдүм го саат жети жарымдарда ала тоо аянтында 3 кар тазалоочу унаанар жүргөн, андан башка унаа көрбөдүм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан