"Барселона" Европа Лигасына түшүп калуу коркунучунда. Хавиде бир гана жол бар". Чемпиондор Лигасынын жаңы эрежелери

Жаңыланган регламент Чемпиондор Лигасында интрига жаратууда. Жаңы регламент боюнча, айрым тайпаларда сары айып кагаздары саналып, айрым тайпада 1/8 финалга чыгуу үчүн конокто он гол киргизиш керек болот.

Июнь айында УЕФАнын регламентине конок голу эрежесине өзгөртүүлөр киргизилген. Мындан ары плей-офф оюндарында голдордун саны гана маанилүү, алар конокто же үйдө киргизилгени маанилүү эмес. Ушундай эле реформалар тайпалык баскычта да күчүндө болот. Эгерде тайпадагы оюндун жыйынтыгы боюнча, упайлары жана голдору бир болуп калган командалардын сары жана кызыл айып кагаздары эсептелет.

"А" тайпасы.

Бул тайпада Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычына чыгуу чечилген. "Манчестер Сити" 1-орундан, "ПСЖ" 2-орун менен 1/8 финалга чыкты. Тайпада үчүнчү орунду "Лейпциг" менен "Брюгге" клубу ээледи, экөөндө тең 4төн упай бар. Бул жерде абал анчалык баш аламандык эмес, эки клуб тең синхрондуу утушка ээ болсо же тең ойносо дагы "Лейпциг" жакшыраак айырмадан улам 3-орунда калат. Албетте, эгер "Брюгге" конокто "ПСЖ" клубуна 11 гол киргизип салбаса эле.

"В" тайпасы.

"Милан" менен "Атлетико Мадрид" мындай кырдаалга кептелет. Эки клуб тең тайпада 4 упайга ээ болуп, 7 гол өткөрүп алышты. Бирок италиялыктар 5 гол киргизсе (3 голу конокто), испаниялыктар 4 гол киргизишти (экөө конокто). Бирок ошол эле учурда "Милан" клубу тайпадагы акыркы оюнун өз үйүндө биринчи орундагы "Ливерпуль" клубу менен ойнойт (бул оюнда алар конок голдорунун статистикасын жакшырта алышпайт). Ал эми "Атлетико" клубу "Порту" менен конокто ойнойт (алар статистиканы жакшыртса болот). "Милан" клубу "Ливерпулду" 1:0 эсебинде утса, ал эми "Атлетико Мадрид" конокто "Порту" клубун 2:0 эсебинде жеңсе, бул эки командага тең бирдей упайды алып келет. Бул учурда чындап эле сары айып кагаздарды саноого туура келет.

"Портунун" тайпада 5 упайы бар. "Атлетико" менен тең чыгуу португалиялыктар үчүн 1/8 финалды камсыздайт. Албетте, эгер "Милан" жеңишке жетпесе, "Атлетико" 1/8 финалга жолдомо алат.

"E" тайпасы.

Бул тайпада сенсация болушу мүмкүн. Себеби "Барселона" "Бенфикадан" 2 гана упай алдыда жана 20 жылдан бери биринчи жолу Европа Лигасына түшүп калуу коркунучунда. Чындыгында "Барсанын" тайпадагы абалы өтө коркунучтуу. Себеби "Барса" акыркы турдук оюнда конокто күчтүү делген "Бавария" менен ойнойт. Ал эми каталондуктардын башкы атаандашы "Бенфика" өз үйүндө "Динамо Киев" клубун кабыл алат. Хавиде "Барсаны" Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычына алып чыгууга бир гана жолу бар, бул "Баварияны" жеңүү.

"Бенфика", албетте, болгон күчүн 6-турдук оюнга салат. Себеби "Динамо Киев" клубун жеңүү аларды 1/8 финалга чыгаруусу толук мүмкүн. Эгер жеңилип калса, Анда "Барселона" 1/8 финалда.

"F" тайпасы.

Бул тайпада "Манчестер Юнайтед" 1-орунду камсыздап койду. Плей-оффко чыгуу үчүн үч команда болгон күчүн жумшайт. Булар: "Аталанта", "Вильярреал" жана "Янг Бойз". Акыркы турдук оюнда "Вильярреал" конокто "Аталанта" менен ойносо, "Манчестер Юнайтед" өз үйүндө "Янг Бойзду" кабыл алат. "Янг Бойз" клубу "Олд Траффорддо" жеңишке жетип, "Вильярреал" "Аталантаны" жеңсе, швейцариялыктар Европа Лигасына чыгышат.

"G" тайпасы.

Учурдагы эң баш аламан тайпа. Акыркы турдук оюндун жыйынтыгы менен каалаган команда тайпадан ыргыйт. Бул тайпада бирөөнө кепилдик берүү кыйын. Акыркы турдук оюнда француздар немистерди кабыл алышат, австриялыктар испандарга барышат.

Эң кызыктуу вариант "Вольфсбургдун" жеңиши жана Севильядагы тең чыгуу. Анда үч команда тең 8 упайга ээ болот.

Буга чейин Чемпиондор Лигасынын плей-офф баскычына 11 команда чыккан. Ал командалар менен шилтеме аркылуу өтүп, тааныша аласыз.

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын акыркы турдук оюндары 7-8-декабрь күндөрү өтөт. Плей-оффтук оюндар кийинки жылы башталат.

Чемпиондор Лигасынын финалы 2022-жылдын 28-майында Санкт-Петербург шаарындагы "Газпром арена" стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-11-26 12:57:40
Барселонаны Лига Европадан да королучу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан