
Бишкек шаарынын мэри
Айбек Жунушалиев Ак-Босого жаңы конушундагы жер тилкелери жана башка маселелер боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Жыйындын жүрүшүндө, калаа башчысы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселеси мыйзамдын алкагында карала турганын белгиледи.
"Учурда министрлер кабинетинин техникалык паспорттордун маселесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтомунун долбоору иштелип чыгып, коомдук талкуудан өткөрүлүүдө. Аталган токтом долбоору кабыл алынгандан кийин конуш тургундарына белгиленген тартипте турак жай куруу үчүн каттоо күбөлүктөрү берилет. Бул аларга социалдык кызматтарды алууга мүмкүндүк берет", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Айбек Жунушалиев "Бишкек суу канал" башкармалыгына кожолуктарды борбордук канализацияга туташтыруу иштерин тездетүүнү, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына Чүй жана Саадаев көчөлөрүнүн жолдорун оңдоо маселесин кароону тапшырды.
Эске салсак, Ак-Босого конушунда Архитектор көчөсүндө Чүй-15 көчөсүнөн жаңы конуштун батыш тарабынын аягына чейин канализация тартуу пландалган. Жумуштун сметалык баасы 387 миң сомду түзөт.