"Кызымды күн сайын издеп жатабыз". Сузакта дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Сумая 8 күндөн бери табылбай жатат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9 жаштагы Сумая Хосилжанова 9 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына атасы Уткирбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымына караганда, кечээ 30дай адам Сумаяны издөөгө чыккан.

"Кызымды күн сайын издеп жатабыз. Кечээ 30дай адам чыккан. Бүгүн дагы издөөгө чыгабыз. Сузак, Жалал-Абадды карап жатабыз", - деди Сулайманов.

Маалымат үчүн:

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Сумая Хосилжанованы көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерлерге 102, 03722 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 кайрылса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zarema11
2021-11-26 13:25:27
Табылып калсын эсен соо.
+5
AdylbekB84
2021-11-26 13:52:48
Аллахым эч кимдин башына мындай сыноону салбасын, эртерээк табылып калсында.
+2
DanilAylin
2021-11-26 14:50:50
Ушул жанылык боюнча, ватсапка такталбаган маалымат келип жатат, Кызыл-Байрак тараптан ички органдары жок табылды деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан