Ысык-Көлдө "Арсенал" операциясы өттү. Анда мыйзамсыз 21 даана ок атуучу курал алынды (фото)

Ок атуучу куралдардын, жардыруучу заттардын мыйзамсыз жүгүртүү учурларын аныктоо жана куралдардын колдонуусу менен кылмыштардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунда 22-24-ноябрь күндөрү "Арсенал" аталышындагы операция болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, үч күндүк иш-чаранын жүрүшүндө, миңден ашык мергенчи, газдык жана травматикалык куралдардын 82 ээси текшерүүдөн өтүшкөн. Курал-жарактар сакталган 12 уруксат берүүчү объектилер изилденип чыккан. Операцияга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан мурда жасалган 9 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 2 кылмышкер колго түшүрүлгөн.

"Милиция кызматкерлеринин көрүлгөн иш-аракеттеринин натыйжасында, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 21 даана ок атуучу курал алынды, анын ичинен 3 сайлуу жана 18 сайсыз курал болгон. Бардык аныкталган фактылар шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн реестрине катталып, учурда Жазык кодексинин 253-берененин ("куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") негизинде тергөө амалдары жүрүүдө", - деп билдиришти ИИМден.

Бардыгы болуп курал-жарактарга байланыштуу 53 протокол түзүлүп, анын ичинен 49 сактоо эрежелерин жана 4 каттоо мөөнөтүн бузуу болуп саналат. Аныкталган фактылар боюнча айып пулдар Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде салынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан