Алтынай Нарбаева "келинизация" боюнча: "Тамак ичкен соң өз идишимди өзүм жууп койсом эмнеге болбосун?"

"Эркекче!" ток-шоу берүүсүнүн 25-ноябрда жарык көргөн чыгарылышында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева конокто болду. "Келинизация" темасынын алкагында болгон талкууда ал дагы өзүнүн пикирин билдирип өттү: "Биз келин алдык, ал Орусиянын жараны. Ошол жактан орус мектепти бүткөн. Жаңы келгенде идиш алайын десе дагы “можно?” деп сурачу, мен ага “нужно” деп үйрөттүм да.

Балам үйлөнөрдүн алдында эле айткам. "Балам, биз сенин эжеңди кантип чоңойттук? Ошондой бирөөнүн чырактай болгон кызы биздин үйгө келе жатат. Сени сүйүп келе жатат, сени сүйгөнү мени эки эсе сүйгөнү. Сени сүйгөн кызды биз эки эсе сүйөбүз. Келин 26-октябрда келет, 27-октябрдан тартып мен ошол кыз тарапта болом, сага болушпайм" дедим. Ичимден ойлондум, мен эне катары ал кызды бизге, үй-бүлөбүзгө көндүрүшүм керек деп.

“Жамгырга жараша түшүм, мээримге жараша жагымдуулук” деп айтышат го. Ошондуктан эгер сен жакшы мамиле жасай турган болсоң, келин деле сага жакшы мамиле кылат да.

Мал жоголуп кетсе дагы келин күнөөлүү, тамак бышпай калса дагы келин күнөөлүү, тоок өлүп калса дагы келин күнөөлүү болуп калчу илгери. Мисалы, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгыбыздын колу-бутубуз соо, мен тамак ичкенден кийин өзүм идишимди жууп койсом эмнеге болбойт?", - дейт ырчы айым.

"Эркекче!" ток-шоунун жаңы чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
xnurgul_gul
2021-11-27 22:10:56
Ушул Алтынай Нарбаева эжебизди аябай жакшы кором. Чындап угуп отура бергим келет. Програма алып барган кыз жаман алып барыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан