Маалыматка ылайык, мобилдик бригадалар түздөн-түз жеринде иштешет.

"2012-жылдын 3-августуна чейин курулган өз алдынча жеке турак жай курулуштары бар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору коомдук талкууга алынып, ал 29-ноябрында аяктайт", - деп жазылат маалыматта.

Жер тилкелерин каттоодо талап кылынуучу документтердин тизмеси:

  • өздүк күбөлүк (ID карта, түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн чектеш кошуналардан алынган тил каттар;
  • кварталдык комитеттин төрагасы же МТУнун төрагасы тарабынан жашагандыгы жөнүндө жана үй-бүлөнүн саны тууралуу күбөлөндүрүлгөн маалым кат.