Белгилүү ырчы Нурлан Насип 25-ноябрь күнү Бишкектеги тойканалардын биринде апасы Тамара Раимбекованын туулган күнүн белгилеп, ата-энесине той берди. Салтанатка үй-бүлөнүн жакындары, туугандары, достору, санаалаштары катышты.
Тойдун башталышында ырчы мырза ата-энесин бир туугандары менен "Ата-энем" ырын ырдап алып кирди. Кечеде Нурлан Насиптин чыгармачылыктагы достору келип, тамадалык тизгинди ырчы, тамада Кубаныч Баркалбасов башкарды.
Кеченин аягында ырчы ата-энесине жол тандабастын акыркы үлгүдөгүсүн белек кылып, бир туугандарынын атынан экендигин кошумчалады.