Садыр Жапаров: "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр энергиясын арзандатып, кошумча азык тараткыла"

Келе жаткан 2022-жылдан тартып өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын баасы арзандайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров айтты.

Анда өлкө башчысы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып: "Акылбек Усенбекович, сиздин милдет ишкерлерди колдоо, инвестиция тартуу гана эмес, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берүүнү да ойлонгула", - деди.

Андан соң Жапаров социалдык өнүктүрүү жана энергетика министрлерине кайрылып өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн статистикаларын билерин сурап, ошол санды ушул жылдын 30-декабрына чейин дагы бир жолу тактап чыгууну тапшырды.

"Жакыр үй-бүлөлөрдү дагы бир ирет тактап чыккыла. Адегенде электр энергиясынан жардам берели, азыр 1 кВт саат 77 тыйындан болуп жатса, ал үй-бүлөлөр 50 тыйындан төлөй турган болсун. Калган 27 тыйынды силер бюджеттен субсидия кылып төлөп бергиле. Андан тышкары аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жактан жардам бергиле, азыр баары кымбат болуп кетпедиби. Акылбек Усенбекович, сиз билесиз, бизде резерв бар, ошол резервден алып, облус башчылары менен кеңешип, ун, май, кумшекер тараткыла. Бизде 110 миң 518 жакыр жашаган үй-бүлө бар", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Antiradikal10
2021-11-26 14:35:15
Кресло колдон вот вот чыгып кетиши мумкун деп айласы кетип баштаган окшойт.......
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан