УКМК: "Шайлоодон кийин бийликти басып алуу максатын койгон адамдар кармалды"

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууга максат коюп жаткан адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

"Аныкталган адамдар боюнча УКМК тарабынан Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери ("бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, Башкы прокуратура тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн.

Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын ыкчам тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку жетекчи кызматтагы адамдар жетектеген адамдардын тобунун кылмыштуу иш-аракеттери тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган.

Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин бул топ айрым саясий күчтөрдүн, анын ичинде шайлоодо утулуп калгандардын колдоосуна таянып, Бишкек шаарынын аймагында кырдаалды курчутуу менен массалык нааразычылык акцияларын, укук тартибин сактоочу күчтөр менен кагылышууларды уюштуруу аркылуу бийликти күч менен басып алууну пландаганы аныкталган.


Бул максатта кылмыштуу топ бийликти күч менен басып алууга түрткү болуу үчүн 1000ге жакын агрессивдүү жаштарды массалык нааразычылык акцияларын уюштурууга топтоп, алар менен мамлекеттик түзүмдөргө каршы идеологиялык мамиле жасоо багытында системалуу жолугушуулар өткөрүлүп, массалык баш аламандыктарды чыгаруу пландары талкууланган", - деп билдирди УКМК.

Аталган топтун кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу максатында ушул жылдын 26-ноябрында УКМК жана ИИМ тарабынан активдүү катышуучулардын жашаган жеринде жана алар ижарага алышкан кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка даярдангандыгын тастыктаган документалдык материалдардан тышкары ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана баңгизаттар табылган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы жана тергөө учурунда алынган төгүндөлгүс далилдердин негизинде, аталган адамдардын тобунун 15тен ашык активдүү мүчөлөрүн кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечими кабыл алынды.

Азыркы учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып, жогоруда аталган кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү аныкталып, алардын аракеттерине да тиешелүү юридикалык баа берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (53)
Katrina.
2021-11-26 14:19:18
Азыркы президент деле басып алган, кайсы мамлекетте турмодон чыгып президент болгон эле?
+6
Neizvestno777
2021-11-27 04:32:17
Katrina., Эрдоган
+3
Ela93
2021-11-27 08:27:36
Katrina., Турцияда так ушундай болгон, азыркы президенти
-2
Antiradikal10
2021-11-27 09:16:19
Ela93, биринчиден Эрдоган турмодон чыгып президент болгон эмес. 2014-жылы гана шайлоодон женип чыгып президент болду. Бул сага окшогон сабатсыздарга маалымат. Экинчиден камалып чыгып да дароо Окмот башчы боло алган эмес. Турмодон чыгып партия тузгон. Партиясы шайлоодо женип чыккан жана Окмот башчы ошол партиядан болушу керек болгон. Ошондо Эрдоганга саясатка аралашууга тыю салган буйрук жокко чыгарылып, андан сон Окмот башчы болгон. Калп болсо айткыла.
+7
Shbdn
2021-11-27 10:44:47
Antiradikal10,ОЗУ чыга калып эле президент болуп жатканда сен мине карап турдун мен болом деп айтпайтбелен. Жапаровту карапайым Эл шайлаган келесоо.
+1
Dembele84
2021-11-27 12:08:58
Shbdn,мооройсун го айланайын
+3
Antiradikal10
2021-11-27 09:18:49
Ela93, Ал эми Жапаров турмодон чыгып эле бийликти басып алды. Жогорку Кенештин уже легитимсиз депутаттары басым алдында учунчу де тортунчу попыткадан кийин эптеп кворум топтоп, мыйзамдарды одоно бузуп Окмот башчы шайлады. Бир соз менен Жапаров эн башында эле ээрге кыйшык отурду. Турмодон чыгып бийликти басып алып.......
+4
Ela93
2021-11-27 09:25:36
Antiradikal10,эмне кыл дегени турасын? Дагы митинг кылышыбыз керекпи? Конкретно Айтчы кимди президент шайлашыбыз керек?
0
Antiradikal10
2021-11-27 09:41:31
Ela93, калп маалымат таратпа. Жугунду учун намысынды сатпа!
+3
ErkinOkenovich
2021-11-27 22:24:04
Antiradikal10,С.Жапаров озу олтурган жок.аны деген эл олтургузду мал тазаале акылдуусунго Мадымардын кучугу
0
alimbek94
2021-11-27 10:56:41
Katrina.,
Терминатордун куралы го. Туура. Ташиев озу да бийликти басып алган
+7
Eldar6724
2021-11-26 14:23:03
Силер бул кетишиңерде теке эмес эл өзү кууп салат, теке м-н эмес мамлекеттин экономикасы м-н алектенбейсиңерби, өзгөчө Ташиевге тиешелүү, апоненттерди аңдыбай коррупционерлерди аңдыбайсыңарбы. Бул нерсеге такыр ишенбейм, провокация экени айдан ачык көрүнүп турат, жок дегенди ушунун үстүнөн да чыгалбапсыңар башка жагын айтпай эле туралы.P.S Ата Мекендин лозунгун абдан реклама кылыпсыңар :)
+12
Antiradikal10
2021-11-26 14:34:00
Же кулоорунду, же ыйлаарынды билбейсин. Тупизм.......
+9
Azat-123
2021-11-27 02:43:10
Antiradikal10,өзүң тупой болсоң ошентип ойлойсуңда
-1
Antiradikal10
2021-11-27 09:21:18
Azat-123, бийликтин жугундукору... Жапаровундун апендилигине тан калып же кулоорунду же ыйлаарынды билбеген заман болгону калппы?! Тупойлор ким? Тупойлор сага окшогон бийликтин дакансалары... Эл кыйналса да коруп туруп жугунду учун бийликти колдоп журосунор.
+4
Shbdn
2021-11-27 10:49:02
Antiradikal10,жапаровко чейин Эл жыргап жатканбы сага окшогон чириктер сазга батырып Кетти ошону саздан тарталбай кыйналып жатат бирок тартат ошондо сага окшогон тили менен акылдуу болгондор кирет ошол сазга чыкыз болуп.
-1
Antiradikal10
2021-11-27 11:16:00
Shbdn, мен мамлекеттин чон кызматта иштеген чиновник жегич болсом экен, казынаны тоноп олкону сазга батырып кеткен. Олкону сага окшогон кошоматчылар тоноп жатат жегичтер менен чогуу, жугунду андып.....

Эми жаны шылтоо табылыптыр да, олкону саздан сууруганы убакыт керек деп. Садырдын чирик кадрларын карап туруп эле, алдыдагы жылдар олко саздан чыкпай эле, кайра сазга кобуроок батып кетээри корунуп турат.
+3
Azat-123
2021-11-27 15:42:27
Antiradikal10,многу келесоонун жазганын карагыла, беш алты адам кыйналса, эл кыйналды деп алыптыр, ушул сендей маңкурттан Кудай өзү сактасында
-4
Katrina.
2021-11-26 14:45:44
Садыр аванар президент болгондо Кыргызстан онолот кетебиз орустардан жадап буттук деп суйундук эле,эми Кыргызстандан синдим куйоо бала ,эки баласы менен келе жатат,жашоо аябай кыйын ушул жакта эле тиргилигинерди суйунуп кыла бергиле деп.
+11
Tasma2014
2021-11-26 20:12:31
Katrina.,синдин куйоо балан менен баарыбир кетмек Садыр не ар бирини Мер же Губернатор кылыш керек беле калк озубуз аракет кылып озубуз бутка туралы тоок бастыр кой бак бука бак жер иштет озун иштебесен мамлекет кесип береби Кыргызстан да иште Россия да тытынгандай Россия да тойго аз барасын айлвгыны экеном кыласын келип делевой болкп тайтандап тойдон калбай сомуну коротуп алып анан Садыр кунолук дейсин не сага ар тойго бпратканда Садыр сом берип турсунбу?
+3
Katrina.
2021-11-26 21:04:28
Tasma2014,Садырынан эч ким сом сураган жок,карапайым элди ойлоп жок дегенде продуктыларды арзандадып койсо болот беле?Биздин калктын саны Казактардан жок дегенде 5 эсе аз болсо керек,бирок мигрант казак коро элекмин 20 жыл журуп.Сен да Садыр аванын коолдочусу окшойсун.
+9
TIMON_BERKOWITZ
2021-11-27 08:23:01
Katrina., Мен президент болсом продукта дагы, бензин дагы, айтоор баары арзандайт))). Ощум лично магазинде отуруп арзан сатам 5жыл. Ошондо келесинер!
-10
Katrina.
2021-11-27 09:29:11
TIMON_BERKOWITZ,))))буйруса
0
Dembele84
2021-11-27 12:12:09
TIMON_BERKOWITZ,Тантыбачы !
0
Tasma2014
2021-11-27 09:29:32
Katrina.,таможный союза Садыр кошкон жок бизди продукту кымбаттаганы таможный союздун кесепети биздин продукция без растомашка росияда сатылып жатса кымбат болот да
0
Katrina.
2021-11-26 21:08:10
Tasma2014, Президент болуп келе жатканда эмне деген убадаларды берген,азыр анын бирин да аткарган жок,же жалганбы?
+5
Antiradikal10
2021-11-27 09:24:56
Tasma2014, чоптун баасы асманда экенинен кабарын жокпу? Ансыз да элдин баары базарда, тиричилик деп. Калганы мигрант болуп тышта. Тытмалап эгин эгип мал кылган менен мжжнети кайткан жыл бар, кайтпаган жыл бар.

Элдин алтын-кумушун бийлик онго солго чачканда элден сурап отурбайт. 30 жылда мамлекет озу бир завод же бир фабрика курган жок. Элди ойлоп эмне иш кылды? Эл кайра бийликти багып келет. Элге оорчулугун салгыдай бийлигин ким?!
+3
Antiradikal10
2021-11-27 09:28:41
Tasma2014, кечээ Садыр аван Глазгого барып келгенде эле бери болгондо 500 мин доллар акча кетти. Эл кыйналып жатканда Садыр аван самолет арендага алып ошончо акчаны сапырып бара турган ким эле? Дуйнолук лидерлер, Кытай менен Россиянын лидерлери барган жок. Онлайн эле катышып койду. Ошол Садыр аван сапырып жаткан акчалар элдин акчалары. Ысыкта тердеп, суукта тонуп базарда отургандар, кечке букуройуп швеяда иштегендер ж.б. чогулган акча го?! Элди ойлосо ошону кылат беле?!
+3
modem4999
2021-11-26 17:14:36
Кыргызстан коздон учту, булар бийлигин эле ойлойт, 20миндик жумуш болсо кетет элем.
+10
Toxa76
2021-11-26 17:35:03
6 айда результат болот деди эле.Алты айдан кийин свет жок бензин 70 сом ун 1800 Баткенде граница жабылып элге иш жок пул жок Россияга кетип жоноду. Копчулугу кара тизмеде Россия бара албай жатат.Россияданылар чыксам кара тизмеге киргизип коёт деп уйуно бара албай журушот.
+12
Egizderim-baktim
2021-11-27 16:03:00
Toxa76,туура айттыныз, менин да кооп тааныштарым кетишип келе албай жатышат, мен да коркуп отурам, уй булоомду сагынып
+4
Rusi79
2021-11-26 18:07:50
Мамлекеттен умтонуп жашагандар малдан айырмасы жок эмеспи,колу буту бар адамдар иштеш керек,мамлекет эмне берсин,кантип эле бир эки адам олкону ондоп жиберсин,ал учун жалпы аракет кылышыбыз керек да,эч бир мамлекетте казанына бекер аш салып бербейт.
Куйугуп бул жерде сасыбай жоон тиричилигинерди кылгыла.
-4
aslan_akjol89
2021-11-26 21:56:08
Rusi79,ушундай башынар иштесе Бакиев Атамбаев Жээнбековдордун тушунда ушинтип аракет кылып жардам бербейт беленер???
-4
Rusi79
2021-11-27 00:47:33
aslan_akjol89,Аллаха шугур пешене терим менен РФ да 12жыл иштеп келип оз кучумо ишкана ачып жылына 100миндеген акчаны налог,соцфонд катары мамлекеттке тогуп оз улушумду кошуп жатам.
Мамлекеттен эч нерсе умутонбойм только стабилдуулук болушун кана каалайм.
-1
Ela93
2021-11-27 08:35:05
Rusi79,Сенин да Аллахга шугур деп башканы гыйбат кылганын туура эмес! Мамлекет эмес мен мамлекетке эмне кылдым десен сен онугобуз
0
nazira...
2021-11-27 09:23:46
Ela93,өтө туура жазыпсын, баарыбыз ошентсек качан эле өнүгүп кетмекпиз. Эми кыргыз эли ушундай көрөалбас калк экенбиз качан оңолобуз билбейм.
-6
Antiradikal10
2021-11-27 09:36:56
Ela93, бийликтин троллу, жугундукор!!! Сен мамлекетке эмне кылган кундо да бийлик башындагылар онолбосо, сенин кылгандарын бир тыйын. Бири ишкана ачтым дейт, ишканасы нормально иштеш учун анын мунун оозун майлаш керек. Эми чакан ишкана болсо балким билинбеши мумкун. Бирок ишканасы чоное баштаган сайын созсуз ким бироолордун оозун майлоого туура келет же бут тосуп журушуп иштеттирбей коюшат.
+3
Rusi79
2021-11-27 14:24:09
Antiradikal10,озун виртуальный ааламда жашаган адамдардай болуп жомокту жазбачы,сен бул жерде диктант жазганын менен эч нерсе озгорбойт,шайлоонун астында башы иштеп кеткен кандидаттай болбуп антиш керек дегенин пустой соз.
Андай эле мээнер ашып мамлекетке жабышкан ооруну дарылай турган рецептинер болсо чыгаргыла коройлу ошол конкретуу иш болот,а так бул жерде жан талашып жазганын "филькина грамота".
-3
Antiradikal10
2021-11-27 09:40:00
Ela93, Башка мисал. Сенин баланды бир олигархтын баласы унаа менен койдуруп кетип балан майып болуп калса, сот тиги байдын баласын актап бошотуп жиберсе, кана кимге арызданасын, кимге унунду жеткиресин?! Же олкодо адилеттуулук бар дейсинби? Болбогон соз. Адилеттуулук жок. Эл возмущение болуп баштаганда эле бийлик исключение кылып адилеттуулук орной калбаса, жуздон минден бир учурда.

Ооруканага барсан, мектепке барсан, бакчана барсан баары пара менен. Пара бербесен ишин бутпойт.
+3
Katrina.
2021-11-27 10:45:54
Antiradikal10,Эн туура!
+2
Antiradikal10
2021-11-27 09:33:09
Rusi79, баары жогор жактан башталат. Сен мин тытынып иштегенин менен, олкодо коррупция гулдоп жаткандан кийин сенин тытынып иштегенин бир тыйын. Россияда журом дейсин, Россиялап журуп акча топтоп келип бул жакка чакан фирма ачсан, баары бир пара бермейинче ишин журушпойт, бут тосуулар боло берет. Ишин журушушу учун сен да ошол коррупционер чиновниктердин тилин табышын керек. Мына ошонун баары жогорудан тазаланып келиши керек. Садыр аванды актап бизге жомок айтканды токтот.
+3
Rusi79
2021-11-27 13:33:41
Antiradikal10,Билесинби сен ,озунду ото эле акылдуу сезген неме,Сен ушул озундун "умный"идеяларын менен элди дагы революцияга туртуп жатасынбы.Мен учун бийликте кимдин отурганы маанилуу эмес,силерге окшоп фанатизм мн оорубайм.
Корупция дейсин ал болуп келген жана боло берет,адамдардын сущность ушундай.
Же силерде идялдуу вариант барбы кооз создор мн кылган ишинер топ келеби?Кантип,кайсы ресурстар мн мамлекетти онойсунар?Энергетикалык каатчылыктан тез арада кантип чыгасынар?
-3
Eldar6724
2021-11-28 14:51:50
Rusi79,Не до бизнесмен мамлекетке 100 миң төккөн кандай бизнес экен ал.Кыргызстанда соодагер, малчылыктан башка бизнес кылалбайсын. Бул факт.Сага кошулам бир, эки адам эч нерсени чечпейт.Садыр авам супермен эмес өзү баарын жайлап койгудай,а бирок ошону элге айтыш керек беле,"ай Москвадагылар келгиле мага жардам бергиле бул жакта эч ким калбады Кыргызстанды өнүктүрө турган же мен кетмен чаап, камчы орок орсунбу" деш керек беле.Булардын максаты башка, аша мн сокенин политикасы мн келе ж
+1
Rusi79
2021-11-27 13:38:27
Кантип корупцияны тез арада токтотосунар?
Кантип нефть ,азык тулук,жбус баасын арзандатасынар?
Айткылачы жолу барбы?
-2
Antiradikal10
2021-11-27 14:53:10
Rusi79, коррупциядан арылуу учун алгач айлананды таза адамдар курчашы керек. Коррупцияеы ылдыйдан эмес, маилекеттин эн башынан баштоо керек. Раимдин эртен кереги тиет дебестен, ууруларды чекеден толук кустуруу керек, бут мулкун, байлыгын конфискациялап. Мыйзамдарды катаалдатыш керек. Сот, прокуратура жаныланышы керек. Бугун камалган бири эртен акталып чыкпашы керек.

Энергетикага келсек, жайында сууну сатпоо керек. Окмот алдыга пландар коюп, ар 5 жылда бирден жаны ГЭС куруп туруу ке
+2
Antiradikal10
2021-11-27 14:59:41
Rusi79, азык-тулук, кийимдердин баасын тушуруу учун растаможканын баасын убактылуу жою керек. Кымбатчылык шартта тыштан ташылып келген негизги азык-тулук жана кийимдер олкого мумкун болушунча арзан келиши керек. Плюс ортомчуларды, алып сатарларды Окмот козомолдоо керек. Анткени элдин кайгысынан акча жасап, дефицит товарларды атайы кымбат саткан кызыл кулактар коп.

Нефтини арзан алуу учун ар турдуу варианттардын устундо иштоо керек. Казахстан, Туркменистан ж.б. менен да.
+2
KaGaH
2021-11-27 15:06:29
Antiradikal10,сен кокусунан Тилек шао-линь монах эмессиңби?
-3
Antiradikal10
2021-11-27 16:45:15
KaGaH, :))))))))

Тилек Шаолинь эмесмин. Бирок Тилекти илгери популист деп эсептесем, Жапаров деле популист экен. Куру убаларды бере берет экен, аткарылбаган куру убадаларды. Элден 1 жыл убакыт сураган. Бир жыл отту, элдин жашоосу онолмок турсун кайра артка кетип жатат......
+2
Rusi79
2021-11-27 17:19:13
Antiradikal10,Нечего конкретного,тантыган кана соз,жаш баланын ой жугуртуусу.Алыш керек.. ким сага арзан бери коет имиш дуйнодо сырье,дан,нефть газ кымбаттап ага болгон талап жогурулап жатса.
Ач коз болуп кеттик эч нерсе жакпай,тооба кылгыла кичине!!
Тушунбогон адамга тушундуруп не пайда ит уро берет кербен журо берет.
Адекватный адам аз экен бул сайтта орустар айтмакчы "озабоченный" торт адам бар экен бир кассетаны коюп алган.
-3
KaGaH
2021-11-27 15:05:21
Ии ананайын мурдуна бок сүйкөлгөн кыргызым, бириңдин этиңди бириң жеп ийипсинер го бул жерде да!
-3
Antiradikal10
2021-11-27 17:06:15
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ооз коптурур таза шайлоо откоробуз деп ооз коптуруп келишет. Ал же бул талапкер мыйзамды бузду деп шайлоодон четтетууго чейин барып жатышат. Анда эмнеге бул экоонун жакын досу, Жогорку Кенештин спикери Талант Мамытов шайлоодон четтетилген жок? Же Садыр менен Камчынын досу болсо эле ага мыйзам иштебейби? Шайлоо мыйзамын одоно бузган талапкер шайлоого аттанып жатса. Ташиевдин партиясында болсо соттуулугу жоюла элек Раимдин кадры шайлоого катышып жатса.
+2
Azat-123
2021-11-27 17:11:07
Antiradikal10,бул сурооңо жооп берүүчүлөр сага окшоп мындай коментте отурбайт, прямой эфирден чыгып кайрыл эгер эркиң жетсе
-4
Junusali-909090
2021-11-27 20:15:48
Өсөйүн десе бир кыргыз өлүп эле калат миң кыргыз өзүбүз жатсак өстүрбөй өстүрөт бизди ким кыргыз тытышкыла дагы табагыңарга аш салып берсе ажап эмес
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан