"Музейди кээде таң аткыча жууп жатабыз" дейт Тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучусу Гүлбара Абдыкалыкова

5-жылдан бери реконструкциялоо максатында жабык турган Улуттук тарых музейинин ачылыш аземи 19-ноябрда болуп өткөн. Анда 20-ноябрдан баштап музей бардык коноктор үчүн 10 күн акысыз болору дагы айтылган.

Жаңыланган музейге кирүү үчүн кезек күткөн элдин агымы аба ырайынын бузулганына карабай азая элек.

“Күн сууктаганына байланыштуу музейге келген элдин саны азаят деп ойлогонбуз. Бирок андай болгон жок. Каалоочулар аябай көп, күнүнө музейге беш миңдей киши киргизип жатабыз. Музейге келген кишилердин саны көп болгондуктан кээде тазалоо иштери таң атканга чейин уланууда. Мындай тартипте айтылгандай эле 30-ноябрга чейин иштейбиз. Андан соң 1-декабрдан тартып музейге акы төлөп кире башташат.

Музейге кирүүнүн акысы: Чоң кишилер үчүн - 150 сом

Студенттер үчүн - 100 сом

Мектеп окуучуларына - 70 сом болот”, - дейт Улуттук тарых музейинин директорунун милдетин аткаруучусу Гүлбара Абдыкалыкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-11-26 16:26:32
Бул эмне себептен беш жыл жабык турду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан