Жалал-Абад шаарына баасы 4 миң сомдон болгон дагы 46 тонна көмүр келди

Жалал-Абад шаарына баасы 4 миң сомдон болгон дагы 46 тонна көмүр келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган арзан баадагы көмүр Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосунда сатылууда.

Көмүр шаар тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн ташылып турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shbdn
2021-11-27 10:53:39
Эмнеге учмин эмес Минди мээр кого койдубу.
0
Shbdn
2021-11-27 10:53:58
Кошуп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан