"Мектеп босогосун аттай элек бөбөктөн 95 жаштагы карыяга чейин кезек күтүшүүдө". Тарых музейи акысыз иштеп жатат (репортаж)

Улуттук тарых музейи учурда акысыз иш алып барууда. Оңдоп-түзөөдөн өткөн тарых музейин көрүүгө ашыккан адамдардын саны аябай көп. Күндүн суугуна карабай, жааган карга камарабай эшикте кезек күтүп тургандардын айрымдары: “Бекер болуп жатканда жаңыланган музейди көрүү үчүн келдик” дешсе, айрымдары:

“Бул музейди бала чагыбызда көргөнбүз, элибиздин тарыхы ушул жерде. Оңдолуп-түзөлгөн соң дагы бир жолу көрүп кетели дедик”, - дешүүдө.

Музейдин эшигинде кезек күткөндөрдүн арасында али мектеп босогосун аттай элек бөбөктөрдөн тартып жашы 95ке таяп калган мекендештерибиз дагы бар.

Улуттук тарых музейи тууралуу кененирээк видеодон көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан