Кыргыз мушкери Азиз Сатыбалдиев АКШнын Майами шаарында тажикстандык Мухаммад Наимов аттуу мушкер менен беттешет.
Беттеш 17-декабрь күнү өтөт. Эки мушкер "TITAN FC 73" турниринин алкагында кез келет. Азиз Сатыбалдиев визаны 5 жылдык мөөнөткө алган.
25 жаштагы кыргыз мушкери карьерасында жалпы 22 беттеш өткөрсө, анын 16сында жеңүүчү аталып, 6 ирет жеңилген.
Ал эми тажикстандык мушкер карьерасында жалпы 8 беттеш өткөрсө, анын алтысында жеңүүчү аталып, 2 ирет жеңилген.