Сузакта изделип жаткан 9 жаштагы Сумаянын атасы Садыр Жапаровго кайрылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда изделип жаткан 9 жаштагы Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин орун басары Камчыбек Ташиевге видео аркылуу кайрылды.

Анда ал коомчулуктан жардам сурады.

"18-ноябрда түштөн кийин 9 жашар Сумая кызым мектепке кеткен боюнча кайтып келген жок. Ошол күндөн бери милиция кызматкерлери менен чогуу бирге издеп, бүгүн 8-күн таба албай жатабыз.

Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, сиздерден жардам сурайм. Көңүл буруп койсоңуздар.

Элге, милиция кызматкерлерине рахмат, тынбай иштеп жатышат. Бардык аймактарда жашагандар, кызымды көрүп калгандар болсо кабарлап коюуңуздарды суранам", - деди Сулайманов.

Маалымат үчүн:

Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.

Сумая Хосилжанованы көргөн-билгендер болсо, төмөнкү номерлерге 102, 03722 7-39-90, 0553 78-00-78, 0771 93-60-70 кайрылса болот.


Сузакта изделип жаткан 9 жаштагы Сумаянын атасы Садыр Жапаровго кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
suban78
2021-11-26 18:27:06
Жардам бериниз урматтуу президент.
+10
Kuyoo_bala
2021-11-26 18:57:54
Табылып калсын оо Аллахым,жардам берекөр
+11
Belo
2021-11-26 19:33:04
Аллахым озун жардам бер
+7
Bekaidi
2021-11-26 19:34:46
Аман эсен табылып калсын.
+7
Gulina00
2021-11-26 20:24:55
Эсен-аман табылып калса экен.
+9
surgeon777
2021-11-26 21:12:26
Аман-эсен табылып калсын ылайым.......
+8
nazira...
2021-11-26 22:33:20
Табылса экен, байкуш кыз каякта жүрөт экен, кудайдан болуп табылып калса экен, эч бир ата энеден бала ажырабасын да.
+8
AidaKurman
2021-11-27 11:48:10
Аман эсен табалып калса экен.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан