Садыр Жапаров “Кыргызкөмүр” ишканасынын директорунун орун басарын кызматтан алды

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Кыргызкөмүр” ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжановду жана ишкананын коммерциялык директору Тимур Чокморовду ээлеген кызматынан бошотту. Мындай чечим бүгүн, 26-ноябрда өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Өлкө башчы кызматкерлер канааттандырарлык эмес иштегени жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотулгандыгын билдирген.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жазында Токтогул суу сактагычында суу 8 миллиард кубдан аз болсо энергетика министри Доскул Бекмурзаевге чара көрүү чечимин кабыл аларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nuria.5150
2021-11-26 19:50:12
Алат койот бирок ошол эле көрүнүш , БИЗ КАНТКЕНДЕ ӨНҮГӨБҮЗ , ким айта алат ...
+1
Toxa76
2021-11-26 19:55:35
Биз туура суйлоп.убадага бек туруп Алладан коркуп олумду эстеп иштегенде онугобуз
0
Kolyaa
2021-11-26 20:22:52
Акыл Жапаров келди кадр алмашуу көп болот бул башталышы.

Майлуу,сүттү жерлерге өзүнүкүн коёт.

Садырды жок кылбаса болду эми.
-2
alinsan
2021-11-27 10:05:59
Садыр Жапаровдун тубуно Акылбек Жапаров жетеби деп ойлом, Акылбек Жапаров командасын топтоп, ал экономист эле эмес чекономист дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан