Мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору талкуу жаратып, буга Орусиянын Кыргыз жергесиндеги элчиси баш мыйзамда расмий тил макамы бар орус тилинде "сүйлөгөндөрдүн чөйрөсүн тарытат" деген кооптонуу бар экенин билдирген. Бул боюнча президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, академик Сыртбай Мусаев мындай дейт.
“Мыйзамды күнөөлөп жаткандар “великороссийский шевинизмдин” элементинин көрүнүшү. Бизди каалагандай басмырлап көнүп калышкан. Суверендүү мамлекеттин мыйзамдарына эч кандай кийлигишүүгө акысы жок. Бизде биримдиктин жоктугунан, жетекчилердин күн карамалыгынан жана унчуга албастыгыбыздан пайдаланып жатышат”.
Мамлекеттик тил боюнча конституциялык мыйзамдын долбоору 22-октябрдан 22-ноябрга чейин коомдук талкууда болгон. Сыртбай Мусаев коомдук талкуулоо процессинде каралган баштапкы редакциясында Жогорку Кеңешке киргизилбестигин жана толук иштелип чыгарын айтты.
“Бул мыйзамдын зарылчылыгы эки жагдай менен түшүндүрүлөт. Биринчиси, жаңы Конституция кабыл алынды жана жаңы мыйзам долбоорунун 13-беренесинде норма бар. Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылыш тартиби конституциялык мыйзам менен аткарылат. Демек, бул мыйзам сөзсүз түрдө жазылыш керек болчу. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин нормалардын бардыгы шайкеш келтирилиш керек. Экинчиси, 13-беренеде конституциялык мыйзам жазылышы керек болчу”.
Көрнөк-жарнактардын жазылышы, мазмуну жарнамалык мыйзамга баш ийет болчу. Эми 13-беренеге ылайык экөөнүн даражасы тең бирдей болуп калат. Андыктан алардын кыргызча туура жазылышын оңдоого талап коюуга тил комиссиясынын да укугу болот. Мамлекеттик мекемелерде иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек делгени менен, бул толугу менен ишке ашпай келет. Айрыкча Бишкек шаарында жана Чүй облусунда документтер, иш кагаздардын оригиналы ушул убакта орус тилинде. Анкеталар, жумушчунун өздүк баракчалары жана канчалаган маалымкаттар азыркыга чейин кардарларга орус тилинде сунушталат. Алар өз тилинде эмес, Орусияда жашап жаткандай документтерин орус тилинде толтурушат.
Бул орчундуу маселе боюнча президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев:
“Мамлекеттик тилди карапайым элден эң оболу мамлекеттик кызматкерлер колдонушу керек. Тескерисинче, ак үй, көк үйдөгүлөр жана министрликтер мамлекеттик тилдин өнүгүүсүн артка тарткандар ошол жакта отурушат. Биз алгач эле мамлекеттик тилдин колдонулушу боюнча текшерүүнү Президенттик аппараттан баштаганбыз. Ал жерде кыргыз тили өтө эле төмөн деңгээлде калып калган. Ал эми Жогорку Кеңешке барганыбызда сабатсыздыкты көрдүк”.
Мамлекеттик тил жөнүндөгү жаңы мыйзамга ылайык, эми мамлекеттик иш кагаздарынын түп нускасы кыргыз тилинде жазылып анан керек болгон учурда орус тилине жана башка тилдерге которулат. Буга чейин мамлекеттик мекемелерде иш кагаздарын алгач орус тилинде жазып алышып анан кыргыз тилине которо албай көйгөй жаралып келген.