Индиянын Баласор округунда үйлөнүү үлпөтүнөн чыккан катуу музыкадан улам 63 тоок жүрөгү жарылып өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Чарбанын ээси Ранжит Париданын айтымында, 21-ноябрда түгөйлөр үйлөнүү тоюн жакынкы айылда белгилешкен. Бир маалда алар музыканын үнүн катуулатып, жардыруучу заттарды жардырып башташкан. Ызы-чуу тоок менен жөжөлөрдү чочутуп, алар ферманы тегеренип чуркашкан. Тооктордун абалына кабатырланган Парида той болгон жерге барып, жаңы үйлөнгөндөрдүн тынч болушун өтүнгөн. Бирок алар мас болуп, анын сөздөрүнө маани беришпей, көңүл ачууну уланта беришкен. Ал киши фермага кайтып келгенде 63 тооктун өлгөнүн байкап, алар жүрөгү түшкөндөн өлгөн деп болжолдогон. Канаттууларды багуучу той ээлеринен өлгөн тооктор үчүн акы төлөп берүүнү суранган, бирок алар баш тартышкан.
Индиянын зоология илими боюнча профессору Суряканта Мишра катуу ызы-чуу адамдардын да, канаттуулардын да жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун жогорулатат деп түшүндүргөн. "Тооктор күн менен түндүн табигый цикли менен башкарылуучу циркаддык ритмди карманышат. Тооктор көбүнчө түн ичинде эс алып, кыймылсыз болушат. Ди-джейдин катуу музыкасы алардын биологиялык саатын бузуп, өлүмгө алып келиши мүмкүн", - деген ал.