Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чектөө Төө-Ашууда аба ырайы жакшырып, жол тазаланганда алынат. Бүгүн саат 06:00дөн баштап чектөө киргизилген. Жолдун бир бөлүгүндө кар тынбай жаап, калыңдыгы 10-15 сантиметрге жеткени маалым болду.
Министрлик башка дагы жол, ашуу жана капчыгайлардагы кырдаал тууралуу маалымат берди.
"Боом капчыгайында дале кар жаап жатат, бирок дароо эрип, жол тоңгон жок. Нарын облусунун Долон ашуусунда, Чаткал районунун Чапчыма ашуусунда жана башка жерлерде дагы кар жаап, жол тайгак болууда. Кызматкерлер кадимки тартипте иштеп, тазалоо иштерин жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.Ошондой эле Транспорт министрлиги жайкы дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыра элек айдоочуларга алыскы жолго жана ашууларга чыкпоону эскертти. Мындан сырткары, айдоочулардан жанына чынжыр салып алууну, каршы тилкеге чыкпоону жана атайын техникаларга тоскоолдук жаратпоону суранды. Ошондой эле автоунаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сөзсүз сактоо керектиги айтылат маалыматта.