Момбековдун БШКнын үстүнөн арызданганы боюнча соттук иш каралды

Бүгүн, 26-ноябрь күнү Бишкек шаардык административдик соту Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ишти карады.

Бирок чечим бүгүн чыккан жок. Сот эртең уланат.

Буга чейин Рыскелди Момбеков жогорку билими боюнча дипломду мыйзамсыз алганын УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынан маалымдаган. "Социал-демократтар" партиясынан Рыскелди Момбековдун жасалма диплому бар деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берип, дипломдун күтүүсүздөн текшерилиши оппозициядагы депутатка басым жасоо аракети менен түшүндүрүшкөн.

24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган. Кийинчерээк Момбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн сотко кайрыларын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан