Президент: "1-январдан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына болгон тариф 50 тыйын болот"


Бүгүн, 26-ноябрда Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда президент мамлекеттик органдарга ар бир маселе боюнча бир катар актуалдуу тапшырмаларды берди. Бул туурасында президенттик аппараттан маалымдашты.

Өзгөчө, 110 518 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифти 50 тыйынга чейин төмөндөтүү зарылдыгы белгиленип, калган бөлүгү бюджеттик каражаттардын эсебинен жабыла турганы айтылды.

"Бизде өлкө боюнча каттоодо турган аз камсыз болгон, жөлөк пул алып жашаган 110 518 үй-бүлө бар. Балким, мындан да көп болушу мүмкүн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Энергетика министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы бир жолу тактап чыгуу боюнча тапшырма берилди. Өкмөт тараптан аларга 1-январдан баштап, электр жарыгынын баасын 0,77 тыйындан 0,50 тыйынга түшүрүп жатабыз. Бул кадам аларга өкмөт тарабынан социалдык жактан жардам берүү болуп саналат. Азыр эми эл арасында сөз болуп жатат. "Алардын арасына колунда бар байлар деле кирип алышат, коррупция болот" деген сыяктуу.
Урматтуу министрлер, жергиликтүү бийлик башчылары, эгер чындап эле бай адамдар ушул тизмеге кирип алган далилдер катталса, баарыңар керт башыңар менен жооп бересиңер. Ал эми катталып алгандардын арасында бай адамдар болсо канча электроэнергия колдонсоң, ошону миң эселеп мамлекетке кайтарып бересиңер. Бул жагын көзөмөлдөгөнгө мамлекеттин күчү жетет. Ар бир үй каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Даректер жарыяланганда кимдин үйү экени кошуналары аркылуу эле ачыкка чыгып калат. Ушинтип тез эле иретке келтиребиз. Эч кам санабагыла", - дейт өлкө башчы.

Садыр Жапаров ошондой эле көзөмөл жана укук коргоо органдарына энергетика тармагындагы коррупциялык абалды, фермерлерге жеңилдетилген банктык насыяларды берүү системасын жана тоо-кен тармагындагы лицензияларды берүүнү иликтеп чыгууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ишкерлерге жана инвесторлорго болгон мамилени өзгөртүп жана ошону менен бирге мамлекет тарабынан ар тараптуу толук колдоо көрсөтүү аркылуу өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле Коопсуздук кеңеши Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Eli.91
2021-11-27 08:29:42
Инвалиттерге дагыбы
0
Toxa76
2021-11-27 12:10:14
Карапайым калк светтин акчасынан эмес светтин жоктугунан улам улам очуп жатканынан кыйналып жатат
0
Toxa76
2021-11-27 12:12:26
Андан коро Баткенде чек араны ачып койгула.Эл кыйналып кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан