Тажикстанда кармалган Кыргыз жарандарынын ичинен бүгүн, 26-ноябрда үчөө өлкөгө кайтарылды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз жана Тажик тараптын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу орун алды.
"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук-Арка (Хужант-Канибадам) унаа жолунун боюндагы курулуш иштерине байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулашты. Тажик тарап жарандары жүргүзүп жаткан курулуш иштерин токтотуу чараларын көрөрүн билдирди.
Тараптар өз аймактарында кармалган эки мамлекеттин жарандарын кайтаруу маселесин да талкуулашты. Ага ылайык, "Кулунду" көзөмөл өткөрмө бекетинде тажик чек арачылары 3 Кыргыз жаранын кыргыз кесиптештерине өткөрүп беришти, жакынкы аралыкта дагы үч жаран мекенине кайтарылат.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн аймагында кармалган Тажикстандын эки жаранын мекенине өткөрүп берүү боюнча эки республиканын чек ара өкүлдөрү да макулдашты.
Тараптар Сүлүктү-Пролетарск темир жол тилкесин демонтаждоо маселесин да карап, эки мамлекеттин Лейлек жана Ганчин райондорунун жетекчилеринин деңгээлинде жолугушууну пландаштырышты", - деп айтылат билдирүүдө.