Улан Ниязбеков шайлоо күнү катталган фактылар ыкчам текшерилип, токтоосуз чаралар көрүлүшү керектигин тапшырды

Ички иштер министри Улан Ниязбеков шайлоо күнү коомдук коопсуздукту жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Анда шайлоочулардын эркин жана өз ыктыяры менен шайлоосун камсыздоо боюнча ички иштер органдары тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерилди.

"Өткөн аппараттык кеңешмелерде белгилеп өткөм, дагы бир жолу эскертем – бул шайлоо буга чейинки шайлоолорго караганда өзүнүн тазалыгы, калыстыгы менен айырмаланып, эч кандай бурмалоосуз жагдайда өтүшү керек. Ал үчүн менин орун басарларымдан баштап, бардык деңгээлдеги жетекчилер шайлоону тынч өткөрүү боюнча коюлган тапшырмалардын так жана кынтыксыз аткарылышын катуу көзөмөлгө алууга милдеттүү.

Добуш берүүнү коомчулуктун өз тандоосуна коюп, талапкерлердин мыйзам чегинде ээн-эркин үгүт иштерин жүргүзүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Ошол шарттарды жолдон чыгарып жаткан добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу, добуштарды атайылап таңуулоо сыяктуу элге жат көрүнгөн фактылар катталып жатат, бул фактылар боюнча жыйынтыктар кыска мөөнөттө чыгарылып, мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынсын.

Шайлоо күнү келип түшкөн арыз-билдирүүлөр, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан укук бузуулар боюнча маалыматтар жеринде ыкчам жана өз убагында териштирилип, ошол эле күнү токтоосуз каралууга тийиш экендигин эсиңиздерге салам”, - деди Улан Ниязбеков.

Президент тарабынан коюлган тапшырмаларды жетекчиликке алуу менен он бир багыттамалык нускама берилди. Алар:

1. Элдин коопсуздугу, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалып, президентибиз тарабынан коюлган тапшырмалар токтоосуз түрдө аткарууга алынсын;

2. Ички иштер министрлигинин кызматтарынын региондорго бөлүнгөн жооптуу жетекчилери координациялоо иштерин жүргүзүп, кызматтык көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүп, тажрыйбалык жардам көрсөтүп, аткарылган иштер тууралуу министрликтин “Маалымат-талдоо тобуна” күнүгө маалымдап турушсун. Андан тышкары, коомдук коопсуздукка тартылган бардык кызматкерлер медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, илдетти жугузуп алуудан сак болушсун;

3. Шайлоого чейин жана үгүт иштери учурунда катталган кылмыштар менен жоруктарга мыйзам чегинде кыска мөөнөттүн ичинде тиешелүү чечимдер кабыл алынсын;

4. Шайлоо күнү катталган фактыларга жеринде сапаттуу, ыкчам жана өз убагында териштирүүлөр жүргүзүлүп, ошол күнү мыйзамдуу чечимдер кабыл алынсын;

5. Шайлоодо өз максаттарына жетүү үчүн добуш сатып алуу, адамдарды унаалар менен ташуу, административдик ресурс колдонуу же бирөөгө добуш берүүгө таасир этүү жана башка ушул сыяктуу мыйзам бузууларды аныктап, бөгөт коюу үчүн бардык ыкчам кызматтар күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын;

6. Шайлоо тилкелеринин айланасында адамдардын жана автоунаалардын тыгындарын болтурбоо, эпидемиялык коркунучтарды алдын алуу, коомдук транспорттун тоскоолдуксуз жүрүүсүнө шарт түзүү менен элдин турмуш-тиричилигине ыңгайсыз учурларды болтурбоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары, шайлоо комиссиялары жана жооптуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жер-жердеги биринчи жетекчилер жеке иш алып барсын;

7. Эл арасында бөлүп жарууларды, ар түрдүү чындыкка дал келбеген маалыматтарды, коомчулукту козутуу үчүн мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо үчүн ыкчам иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлсүн;

8. Аба ырайынын сууктугуна карабастан шайлоо тилкелеринде өз милдеттерин аткарып, коопсуздукту сактап жаткан катардагы кызматкерлерге тиешелүү шарттарды түзүү облустук жана шаар-райондук деңгээлдеги ички иштер органдарынын биринчи жетекчилерине жүктөлөт. Эгерде шарт түзүлбөй, маселелер жеринде чечилбей калгандыгы аныктала турган болсо, анда ошол жердин жетекчиси жана жооптуу орун басарлары менен бирге өз каалоолору менен иштен кете берсе болот. Бул талаптар жалпы жетекчилерге жеткирилсин;

9. Бир дагы милиция кызматкери шайлоого жана саясатка аралашпасын, элге орой мамиле жасап, шайлоо тилкелерине келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна текеберленип, жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган кызматкерлер, ошол жерге жооптуу жетекчиси менен кошо катуу тартиптик жазага кириптер болот. Бул талапты шайлоо күнү болуп өтүүчү эртең мененки нускамада бардык кызматкерлерге жеткирилсин;

10. Ички иштер органдарынын шайлоо учурунда аткара турган негизги милдети – элдин коопсуздугун камсыздап, шайлоону тынч жана одоно тартип бузуусу жок өткөрүү болуп эсептелет. Ошондуктан ар бир жетекчи жүктөлгөн милдеттерди так жана кынтысыз аткарсын;

11. Шайлоо учурунда милициянын аткара турган иштери боюнча мурда негизги он тапшырма коюлган болчу жана аларды ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынсын. Эң башкысы жер-жерлерде одоно коомдук тартип бузууларга, массалык башаламандыктарга, жарандардын нааразычылыгы жаралган жагдайларга жол берилбей, коомго көмөк көрсөтүп, элге кызмат кылуу иштери алып барылсын.

Улан Ниязбеков кеңешменин жыйынтыгында шайлоо учурунда коомдук тартипти жогорку денгээлде сактоо керектигин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан