Ишемби күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.
Ал эми Бишкекте +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градуска жетет.