Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстандан келүүчү баңгизаттарды жүгүрткөн каналга бөгөт коюлду

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагынан Тажикстан жана Өзбекстан аркылуу Ооганстандан келүүчү баңгизаттарды жүгүрткөн каналды ачыктады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Мамай айылынын аймагында Х.Д. аттуу Өзбекстан Республикасынын жараны кармалып, жеке тинтүү учурунда кочкул-күрөң түстөгү жыты бар зат алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат 7 килограмм салмактагы гашиш баңги заты болгон. Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө, Бишкек шаарынан баңгизаттарды ташуучу топтун мүчөсү кармалган. Анын унаасын кароо учурунда 9 килограмм салмактагы гашиш баңги заты алынган. Көп узабай дагы бир топтун мүчөсү кармалган.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан