Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери унаа уурдоого шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 27-ноябрда 1996-жылы туулган Д.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Турусбеков көчөсүндө жайгашкан үйүнүн короосунда токтоп турган Toyota Voxy үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар жашыруун уурдап, белгисиз тарапка айдап кетишкен.
Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1990-жылы туулган Т.У., 1977-жылы туулган А.У. аттуу жарандар кармалып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.