Бишкектин айрым райондорунда төрт күн жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда 29-ноябрдан 2-декабрга чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Минск-Республика көчөлөрүнүн кесилишинде 1979-жылы пайдаланууга берилген жер астындагы орточо басымдагы газ түтүгүнө жаратылыш газынын агып кетишин жоюу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Фучик, Чоң Чүй каналы, 2-Черепки, 7705-аскер бөлүгүнүн отканасы, Жибек Жолу көчөлөрүнүн участоктору менен чектешкен аймактарда жаратылыш газын берүү токтотулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан