Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин жакын адамы мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө шектелип кармалды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда бир мандаттуу округ боюнча өзүн көрсөткөн талапкер Т.Э.Дайырбековдун ишенимдүү адамы мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, ал депутаттыкка талапкердин штабынын расмий эмес кызматкери болуп, айрым жарандарын мыйзамсыз үгүт иштерине тартып, шайлоочуларды акчалай сыйлыкка сатып алуу иштерин жүргүзгөндүгү аныкталды.

"Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, П.А. аттуу адам тарабынан добуштарды сатып алуу боюнча фактылар такталып, 26-ноябрда акча каражаттарын бөлүштүрүп жаткан жеринен кармалды. Ошол эле учурда алар тарабынан штаб катары пайдаланылган жайларды жеке тинтүү учурунда, шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча каражаттар табылган. Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу процессине катышкан башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин жакын адамы мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө шектелип кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ulaAjidar
2021-11-27 17:58:51
Койгулачы ээ,ал акча ар бир адамдан чыгатго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан