Кыргыз өлкөсүндө добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө

Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 13 396 (2494/1311 УШК) арыз берилди.

"Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 33-беренесине ылайык, шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча шайлоо участокторуна келе албаган, ошондой эле төмөнкү шайлоочулар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу:

  • добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыптууларды кайтаруу алдында кармоочу жайларда жүргөн шайлоочулар;
  • алыскы жана жетүү кыйын болгон райондордо, алыскы мал жайыт участокторунда убактылуу жашаган шайлоочулар.

Өзгөчө учурларда тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча:

  • добуш берүү күнү калктуу конуштардан алыс жайгашкан жерлердеги аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары;
  • добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлери;
  • жумуш цикли үзгүлтүксүз ишканалардагы иштеген шайлоочулар;
  • вахталык ыкма менен иштеген шайлоочулар.

Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, эртең, 28-ноябрда Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG-312
2021-11-27 19:09:11
Эртең эми өтпөй калган партиялар мафия болду деп пикетке чыкпаса болду!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан