Президент Садыр Жапаров КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-ноябрда КМШнын байкоочулар миссиясынын курамында өлкөгө келген КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы мейманды жылуу кабыл алып, алдыда күтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн, ошондой эле Кыргыз мамлекетине парламенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн КМШнын атынан келген байкоочулар миссиясынын олуттуу өкүлчүлүгүнө ыраазычылык билдирди.

Президент Садыр Жапаров ушул жылы КМШнын түзүлгөнүнө 30 жыл толгонун эске салып, Кыргыз өлкөсү биргелешип иш алпарууну жана шериктештикти мындан ары да бекемдеп, анын эл аралык аренадагы позициясын чыңдоого жана динамикалык өнүгүүсүнө карай багытталган умтулуусун толук колдой турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы шериктештиктин алкагында өз ара кызматташуунун өтө маанилүү элементтеринин бири — КМШнын байкоочулар миссиясынын ишмердүүлүгү экендигине өзгөчө көңүл бурду. "Кыргыз Республикасы тышкы саясатты ырааттуу жүргүзүп, өзүнүн эл аралык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, анын ичинде ачык-айкын жана демократиялуу шайлоону өткөрүү, ошондой эле жарандардын өз эркин билдирүүсүн камсыздоону жактайт", — деп белгиледи ал.

Президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүндө шайлоо процессин демократиялык принциптердин негизинде улуттук мыйзамдарга жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын кошумчалады.

"Бизде күчтүү саясий эрк бар. Аны менен биз Кыргыз өлкөсүндө бул шайлоону ачык-айкын жана жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылды", — деп билдирди ал.

Президент республиканын бардык аймактарында байкоочу миссияларынын мүчөлөрүнүн иш алпарып жатканы Кыргыз мамлекетинин эл аралык байкоочулар үчүн ачык экенин жана өлкөнүн ачык-айкын, демократиялуу шайлоолорду өткөрүүгө умтулуусун көрсөтүп турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы байкоочулардын, анын ичинде КМШдан келген байкоочу миссияларынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого катышуусуна өзгөчө көңүл бурду. Президент алардын мониторинг жүргүзүп, баалоосу Кыргыз мамлекети үчүн өлкөнүн шайлоо системасынын объективдүү баасын түзүүгө, мыйзамдык базадагы кемчиликтерди аныктап жана жоюуга, ошондой эле колдонулуп жаткан жол-жоболорду өркүндөтүү үчүн маанилүү экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Сергей Лебедев алдыдагы шайлоону уюштуруу ишин жогору баалады.

"Биз Кыргыз өлкөсүндөгү парламенттик шайлоону өткөрүүгө өзгөчө маани беребиз жана шайлоодон кийин өлкөнүн ырааттуу өнүгүшүнө чын жүрөктөн ишенерибизди билдиребиз", — деди ал.
Сергей Лебедев 28-ноябрдагы шайлоо тынч жана татыктуу өтүп, эл аралык байкоочулар тарабынан да таанылып, кыргыз элинин кызыкчылыгын чагылдырат деген ишенимин билдирди.

Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШнын аткаруучу катчысы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү жана жогорку деңгээлде өткөрүп алууну каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан