Маевка айылында добуш сатып алуу максатында акча каражатын таратып жүргөн жаран кармалды

ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы шайлоочуларды сатып алуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы ыкчам маалыматтын негизинде, Чүй ОИИББинин кызматкерлери менен биргеликте шайлоочулардын добушун сатып алуучуларды кармоо аракетинде атайын операция уюштурушкан.

Бул факты Аламүдүн РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иши жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки иштин алкагында, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин үгүттөөчүсү болгон 1965-жылы туулган К.Ч. аттуу жаран Маевка айылынын жашоочуларынын добуштарын сатып алуу максатында акча каражаттарын таратып жүргөндүгү аныкталган. Аталган жаран 18 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берип жаткан учурда кармалган.

Азыркы убакта бул иш боюнча тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан