Бүгүнкү күндө бардык шайлоо тилкелеринде өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө министрлик тарабынан 2435 шайлоо тилкесинде өрт коопсуздугун алдын алуу жана текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
"Мындан тышкары өрт коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан бардык шайлоо тилкелери текшерилип, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча шайлоо тилкелеринин төрагаларына көрсөтмөлөр берилди", - деп билдиришти ӨКМдан.