УКМК: "Талапкердин жолдошу пара берүү фактысына шектелип кармалды"

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер №31 Дүйшембиева Элиза Бакытовна тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрда аталган партиянын каттоодо турбаган 8 үгүтчүсүнө Тойбеков Ырысбек Орманкулович (депутаттыкка талапкер Э.Б.Дүйшембиеванын жолдошу) тарабынан Ысык-Ата районунун тургундарынын ичинен шайлоочуларды сатып алуу фактысын уюштуруу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берилгендиги аныкталды. Ырысбек Тойбековдун мыйзамсыз иштерин эсепке алуу, документтештирүү жана бөгөт коюу максатында 27-ноябрда Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын аймагынан Ырысбек Тойбеков 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен кармалды. Жеке буюмдарын кароо учурунда “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин үгүт баракчалары табылган. Азыркы учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nargiz-sa
2021-11-27 20:39:48
Подстава
+6
Simels
2021-11-28 00:32:04
nargiz-sa, Кыссчы
-5
KG-312
2021-11-27 21:36:11
Даююстар, катындарын саясатка жөнөтүп, артынан кызмат кылып жүрүшөт подкаблучниктер!!!
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан