Швейцариянын Цюрих шаарында 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо раундунун плей-офф оюндарына чүчү кулак ташталды.
Мындай жаңы версия учурдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда биринчи жолу колдонулуп жатат. Чүчү кулактын жыйынтыгы:
"А" тайпасы.
Шотландия - Украина;
Уэльс - Австрия;
"В" тайпасы.
Орусия - Польша;
Швеция - Чехия;
"С" тайпасы.
Италия - Түндүк Македония
Португалия - Түркия.
Жогорудагы үч тайпадан Дүйнө чемпиондугуна бирден гана команда барат. Демек биз Катардагы Дүйнө чемпиондугунда Италияны же Португалияны көрө албайбыз.
Плей-офф эки этаптан – жарым финал жана финалдан турат. Плей-оффтун жарым финалы 2022-жылдын 24-25-мартында, ал эми финалы 28-29-мартта болот.