Бүгүн, 28-ноябрь Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү. Саат 08:00гө карата өлкөдөгү бардык шайлоо тилкелери ачылды.
Президент Садыр Жапаров Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берет. Учурда аталган тилке өлкө башчынын келишин күтүп жатат.
Быйыл Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аралаш системада өтөт. Анда 21 саясий партия, бир мандаттуу округдан 282 талапкер ат салышууда.