Бишкекте өзүнүн балдарын устара менен кескилеп салган энени психикалык жактан дарылоо үчүн ооруканага жаткырылды. Бишкек ШИИББинин кызматкерлеринин 14-ноябрда берген маалыматына ылайык, ал Республикалык психикалык ден соолук борборуна дарыланууга жөнөтүлдү.
Белгилүү болгондой аял буга чейин Жалал-Абад облусундагы республикалык психикалык ооруканада каттоодо турган. 13-ноябрда ал күйөөсү менен урушуп кеткенден кийин өзүн жана балдарынын денесин кескилеп салган. Балдарга операция жасалып, жандандыруучу бөлүмдөн жалпы палатага которулду.