Чүйдө бүгүн, 28-ноябрда коомдук коопсуздукту 820дан ашуун милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ар бир шайлоо тилкесинде милиция кызматкерлери жана жооптуу кызматкерлер бекитилген.
"Өздүк курам шайлоо учурунда жарандардын укуктарын жана коопсуздугун камсыздайт. Шайлоо участкаларындагы абалга көз салып, шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылбай, мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн иш алып барат. Чүй ОИИББи жарандарды добуш берүү жайларында мыйзамдуулукту жана тартипти сактоого чакырып, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти эскертет", - деп жазылат маалыматта.