Ырчылар Анжелика менен Азиз Батыров бир тууган тутунушту

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров Анжелика Кайратова менен бир тууган тутунганын жарыялады. Ал мындан ары Анжеликанын бир тууган иниси болорун айтат.

Азиз мырзага байланышып, туугандык мамиле түзүүгө эмне себеп болгонун сурадык.


"Мен былтыр уулдуу болгондон бир күндөн кийин эле коронавирус инфекциясы менен ооруп калдым. Аябай катуу ооруп, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдым. Ошондо зарыл болгон дары жок болуп жаткан. Ырчы Анжелика мага жасалма дем алдыруучу аппаратын, жок болуп жаткан дарыны Бишкектен Ошко салып жиберди. Ал уулдуу болгонума сүйүнчү катары жөнөтүптүр. Илдеттен айыккандан кийин Анжеликага ыраазычылыгымды айтып жүрдүм. Бирок атайын жолугуп, сүйлөшө элек болчубуз. Кечээ концерттен жолугуп, анын жол кырсыгына кабылганы, менин коронавирустан дарыланганым боюнча сүйлөштүк. Анан экөөбүз бир тууган болуп, мындан ары жардамга муктаж болгондорго чогуу жардам берели деп чечтик. Ал эми чыгармачылыкта дуэт жаздыруу пландарын түздүк.

Анжелика ошол кезде мага бир тууганына кыла турган жакшылыкты жасап койду. Ал өтө боорукер", - деди Азиз Батыров.

Ошондой эле дастанчы шоу-бизнестин бардык өкүлдөрү менен сый мамиледе экенин, бирок бири менен дагы мындай туугандык ымалада болбогонун белгиледи.


Анжелика Кайратова бир туугандуу болгонуна кубанып ыйлаганын билдирди.

"Ооба, бир туугандуу болдум. Кубандым, ыйладым. Азиз Батыров катуу ооруп жатканда Кудайдан сурап, аракеттерди көргөнбүз. Андан бери биринчи жолу көрүштүк. Ошондо кучактап, мага бир тууган болуңуз деди".

Фольклор ырчысы Азиз Батыров былтыр пневмония менен жабыркап, оор абалда төшөктө жатып калган. Илдеттен айыккандан кийин "мендей болуп эч ким оорубаса экен” деп маек берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-312
2021-11-28 14:14:20
Туалетке барып келейин.
+1
Fernando_Torres
2021-11-28 14:25:42
Мусульман мусульман и так эле сен айтпасан деле милеон жыл мурда айтып когон Бир тууган болот деп силерге Эми жееттиби
+1
Jibani
2021-11-28 15:14:02
ООО кудаай...
+1
Toxa76
2021-11-28 16:21:54
Узаагына суйунтсун
+2
KaGaH
2021-11-28 18:09:51
Азиз ушул келинге бекер эле жакындадың да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан