Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов добуш берди

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн №5278 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Калаа башчысы шаардыктарды шайлоо жараянына активдүү катышып, өлкө келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Ошондой эле бул ирет Кыргыз өлкөсүндө таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө бардык аракеттер көрүлгөнүн билдирди.

Белгилей кетүүчү нерсе, Ош шаарында шаардык мэрия тарабынан парламенттик шайлоону өткөрүүгө бардык участкаларда шарттар түзүлгөн. Аталган аймактагы 78 шайлоо тилкесинде бардыгы болуп 154 миңдин тегерегинде шайлоочу катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан