"Шайлоого бардыңызбы?". Атактуулар жооп беришти

Бүгүн, 28-ноябрь Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнү. Учурдан пайдаланып, элге аты чыккан инсандарга добуш берүү үчүн шайлоого барасызбы деген суроо салдык. Албетте, атактуулардын ичинен "тилекке каршы, шайлоого бара албайм" дегендери дагы болду. Анын себептерин чогуу билели.

"Кеңеш" тобунун негиздөөчүсү, ырчы Мүзүр Мамбетов бүгүнкү өтүп жаткан шайлоого катыша албастыгын айтты: "Мен үйдө отурам, Талас шаарына катталганым үчүн бүгүн борбор калаада шайлоого барбай калдым" дейт ырчы.

Актёр Бектемир Мамаюсупов дагы бул жолку шайлоого барбай калган атактуулардын катарын толуктайт. "Жумуштан колум бошобой, ошондуктан шайлоого жетишпей калдым" дейт актёр.

Ал эми ырчы Кенже Дүйшеева ушул саамда жолдо болгондугуна байланыштуу "так айта албайм, себеби жолдо бара жатам, буюрса, жетишип калсам шайлоого сөзсүз барам" дейт.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева Бишкек шаарындагы №1 шайлоо тилкесинен добуш берери тууралуу айтты. "Кайсы партияга же талапкерге добуш берерим сыр болуп эле калсын. Негизгиси жарандык милдетимди аткарып, өзүм колдогон талапкерге же партияга добушумду берип келем" деди ал.

Ырчы Иса Өмүркулов, алып баруучу Назира Бердигулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева дагы шайлоого барам деген атактуулардын катарында.

Ал эми саат 15:00гө карата актёр Камчы Сарыбаев, ырчылар Азиз Батыров, Анжелика Кайратова добуш берип келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан