Мас болуп өз баласын бычактаган эне камакка алынды
Мас абалында өз баласын бычактаган эне камакка алынганын Чүйдүн Ысык-Ата РИИБи билдирди. 13-ноябрда саат 16:20 чамасында милицияга бычактан жаракат алган адам тууралуу кабар келген. Окуя тууралуу: Кырсык катталган күнү бала үйүнө келсе 51 жаштагы апасы мас абалында болгон. Эне-баланын ортосунда чыр чыгып, натыйжада баласынын көкүрөгүнө энеси бычак сайып салган. Кылмышка шектүү аял убактылуу камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.
baxa1980, көпчүлүккө таандык этика нормаларын бузууга жол берилбейт.
Билдирүүңүз түзөтүлдү.
0
Chyngyz_0489
2013-11-15 10:58:50
ichkilik neni kana kylbait ichkenden kiiin baardyk jamandyktardyn eshigi achylat eken oshon uchun ichkilekten alys bololuchu tuugandar
0
nurmat.kg
2013-11-15 20:46:06
Аты очкур бул шайтан суу эне баланы бири бирине кас кылаары эки досту бири бирине душман кылаары баарыбызга анык, бирок ушуга окшогон нерселерди билип туруп шайтан сууну ичебиз, баласы аман калды бекен?
Бул ичкилик канчалаган инсандардын тагдырын талкалап жатат,
0
Tynchy28
2013-11-16 01:42:55
эгер адамдын жан дуйносу мурун,ооз сыяктуу козго корунуп турса,анда эне менен бала бет карашпай калмак болсо керек. Ичкилике шылтап калп эле периште болбосонор. Ыйман керек,коомго.
0
XAH
2013-11-16 13:01:46
ошону менен бирге адамдын кандай экенин да ачыка чыгарып жатат.
0
meky85
2013-11-16 15:12:20
Ушул аты жаман жинди сууну ичкенди качан токтотушат.