Бүгүн, 28-ноябрда Жалал-Абад шаарынын башчысы Эрнисбек Ормоков жарандык милдетин аткарып, №2400 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калаа башчысы Жалал-Абад шаарындагы 25 шайлоо тилкесинде добуш берүү мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирип, жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 51 миң 434 шайлоочу бар. Ал эми Жалал-Абад окуругу боюнча 106 миң 565 шайлоочу катталган.