Ош облусунун аймагында саат 13:30га карата мыйзам жана коомдук тартипти бузуулар катталган жок. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-ноябрь күнү саат 13:30га карата алынган маалымат боюнча, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу мыйзам жана коомдук тартипти бузуулар катталган жок.